АЙЛАНДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 12 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геом. өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кый­мылсыз борбнун айланасында берилген бур­чуна карата ОМ = ОМ, ZMOM = а болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, а бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. а терс болгондо саат жебесинин багыты б‑ча, ал эми а оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакта­лат. а = л болгондо, борб. симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата баш­талмасынын айланасында а бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула ар кылуу туюнтулат:

Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \begin{cases} x' = x\cos \alpha - y \sin \alpha \\ y' = x\sin\alpha + y\cos \alpha \end{cases}}


Б.Э. Канетов.