АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. А.-С. к-нун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди ж-а буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу ж-дөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жерг. оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан 

«Элдик аскер совети» түзүлүп, сов. уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу м-н да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дуӊган ж-а кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, сов. кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык м-н өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.