АНАЛИЗДИК ХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНАЛИЗДИК ХИМИЯ – заттардын хим. курамын ж-а түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын  изилдөөчү илим. Ал 19-к-дын башында калыптанган. А. х. анализдин максатына жараша сапаттык ж-а сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык  анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги аныкталат. Сандык анализде булардын сандык катыштары табылат. Хим. анализ элементтик, мол. ж-а фазалык болуп үчкө бөлүнөт. Орг. эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми орг. заттардын хим. жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ м-н катар мол. анализ жүргүзүлөт. А. х-нын методдору хим., физ.-хим. ж-а физ. болуп үч топко бөлүнөт. Хим. методдор аныкталуучу зат м-н тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) ж-а газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден эркин же хим. бирикме түрүндө бөлүп алынып, анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концент-дагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды ж-а хим.
касиеттери б-ча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физ.-хим. ж-а физ. методдор колдонулат. Буларга рефрактометрлик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохим. ж. б. ыкмалар кирет. Ө. ж-дагы технол. процесстерди көзөмөлдөөдө ж-а айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо А. х. ыкмаларынын
мааниси өтө чоң. 
Ад.: Пиккеринг У.Ф. Современная аналитическая химия, пер. с анг. М., 1977; Пилипенко А. Т., Пятницкий М. В. Аналитическая химия. Кн. 1,2. М.,
1990. Аналитическая химия; В 2 т. М., 2003-2004. Асанов Ү., Молдобаев С., Анализдик химия.. Б., 2003.
С. Молдобаев.