АММОФОС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АММОФОС (аммиак ж-а фосфор) – кош азотфосфорлуу комплекстүү минералдык жер семирткич. Фосфор диаммоний фосфаты кошулган (10% ке чейин) моноаммоний фосфаттан
NH4H2P04 турат. Курамындагы азот аммоний сульфаты түрүндө болот, концент. семирткичтердин катарына кирет: N 11-12%, Р205 46-60%. Аммиакты фосфор к-тасы м-н нейтралдаштырып алышат: NH3 + Н3Р04 = NH4H2P04. Агрономиялык баалуулугу жогору, комплекстүү жер семирткичтердин эң таасирдүүсү. Түрдүү топуракта негизги ж-а кошумча жер семирткич катары  колдонулат, к. Комплекстуу жер семирткичтер.