АНЕМОФИЛИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНЕМОФИЛИЯ анемогамия (анемо...
ж-а гр. phileo – сүйөм) – өсүмдүктүн шамал аркылуу чаңдашуусу. Ал ийне жалбырактууларга, о. эле көпчүлүк гүлдүү өсүмдүктөргө мүнөздүү. А. тобуна кирүүчү гүлдүү өсүмдүктөрдүн келип чыгышын алардын курт-кумурскалар м-н чаңдашууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ж-а этномофилдик тегинин өсүү-шартына ыңгайлануусу м-н түшүндүрүлөт. Бул дан өсүмдүктөрүнө, өлөң чөптөргө, эки үлүштүү дарак өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгүнө (кайың, эмен, кызыл кайың, ормон-жаңгак, байтерек ж. б.) мүнөздүү. Мындай өсүмдүктөрдө гүл коргону жок же редукцияланып, көрксүз, түссүз ж-а жытсыз болуп, жеңил, майда, көп чаңчалар пайда болот. Булар жалбырактары ачылганга чейин эле гүлдөп бүтөт.