АЛ-ИХВАН АЛ-МУСЛИМУН
11:32, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(«биртууган мусулмандар ») ‒ Египетте 1928-ж. Хасан ал-Банна тарабынан негизделген диний саясий уюм. Респ. түзүлүшкө каршы чыккандыктан, мыйзамсыз деп жарыяланган. Уюмдун иш-аракети моралдык-этикалык норма, мыйзамдуулуктун, идеологиянын негизги булагы катарында исламдын принцибине негизделген «адилеттүү ислам коомун» түзүүгө багытталган. Алардын пикири б-ча бул максатка «өнүгүүнүн исламдык жолу» алып барат. 1928‒36-ж. кайрымдуулук ж-а агартуучулук иш-аракеттер м-н алектенген бул уюм бара-бара саясий турмушка активдүү аралашып, террордук ыкманы кеӊири пайдалана башташкан. 1949-ж. Хасан ал-Банна өлтүрүлгөндөн кийин өз алдынча уюмдарга бөлүнүп кетет. 1970-ж. президент Анвар Садаттын тушунда ал легалдашып, Египетте экиге бөлүнөт. 1981-ж. Садат өлтүрүлгөн соӊ, алардын иш-аракеттерине тыюу салынган. Учурда ал көпчүлүк араб өлкөлөрүндө жашырын абалда. Уюмдун идеологиясы ж-а саясаты реакциялык мүнөздө болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөрдө алардын иш-аракеттерине тыюу салынган.