АКСЫКЕНТ
12:26, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
‒ байыркы шаар. 10-к-да Фергана өрөөнүнүн борбору, Бабурдун тушунда Ферганадагы чоӊдугу жагынан 2-шаар болгон. А. ш-нын калдыгы Сыр-Дарыянын оӊ жээгинде, азыркы КР м-н чектешкен Өзбек Респ-сынын Наманган ш-нын жанындагы Шаханд кыш-нан табылган. Анын чеби, шахристаны, рабаты ж-а чоӊ базары болгон. Байыркы Эски Ахси, монголдор мезгилине чейинки ж-а Амир Темирдин тушундагы Жаӊы Ахси ш. ар түрдүү убакта бөлөк-бөлөк курулса да, жалпы жонунан А. деп аталган. Шаар соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. О. кылымдагы тарыхчы Сайф ад-Дин Аксыкенти (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-ж. жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Намак айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган ш. пайда болгон.
З. Э. Эралиев.