АКИНО
14:57, 19 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамл. ж‑а саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил ш‑ндагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987‑ж. демокр. конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары А. «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка ж‑а коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын ж‑а оппозициянын ич ара карама‑каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмгек. Буга карабастан А. мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарьш, бийликти демокр. жол м‑н жаңы президентке өткөрүп берген.