АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ
21:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– б. з. 1–2‑к‑на таандык археол. эстелик. Ак‑Буура суусунун сол өйүзүндө, Ош ш‑нын түш. четинде жайгашкан А.-Б. ш. к. б. з. алгачкы к‑да Ош оазисин жортуулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Алгач А. Н. Бернштам (1941), кийин Б. Аманбаева 20‑к‑дын 90‑жылдарында изилдешип, Ош ш‑нын тарыхы ж‑а мад‑тына тиешелүү ар кандай буюмдарды табышкан.
Д.Ф. Винник.