АММОНИФИКАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
азоттуу орг. кошулмалардын аммиакка чейин ажыроосу. Ал аэробдук
ж-а анаэробдук микроорганизмдердин (бактериялар, актиномицеттер ж-а козу карындар) катышуусунда протеолит ферменттин таасири м-н
жүрөт. Бул процесс бардык топуракта, чөйрөнүн
ар кандай реакциясында, абада ж-а абасыз да
болот. Бирок өтө кычкыл же жегичтүү чөйрөдө,
анаэробдук шартта өтө жай болуп, анын ылдамдыгына топурак темп-расы, нымдуулугу ж. б.
факторлор таасир этет. Анаэробдук шартта азоттуу орг. заттар аммиакка чейин ажырайт. Аэробдук шартта аммоний туздары нитраттарга чейин кычкылданат. Мында өсүмдүк азотту кыйындык м-н сиңүүчү аммоний, аммиак түрүндө
сиңирет. Азоттун табиятта айлануусунда ж-а
өсүмдүктөрдү азоттун сиңимдүү түрү м-н камсыз
кылууда анын мааниси зор.