АКСЕЛЕРОМЕТР
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. accelero ‒ тездетем ж-а ... метр) ‒ транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу ж-а бурчтук; иштөө принциби б-ча мех., электр-мех.; арналышы б-ча ылдамданууну өлчөгүч А. деп айырмаланат.