АДАБИЙ МУЗЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:57, 23 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ жалпы бир улуттун же өлкөнүн ад-тынын тарыхына, о. эле көрүнүктүү жазуучуларынын өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу улуттук тарыхый мааниге ээ документтер, кол жазмалар, түрдүү эскермелер жыйналып, сакталуучу маданий жай. Кырг-нда музейлер 20-к-дын 20-жылдарында уюшула баштаган. Музейлер элдин тарыхый-маданий мурасын сактоонун ж-а даӊазалап жайылтуунун негизи болуп эсептелет, алар иш мүнөзү б-ча үч багытта жүргүзүлөт: 1) экспонат чогултуу, эсепке алуу, кайталоо, сактоо, бардык экспонаттарга ил. баяндама жазуу; 2) көрүүчүлөр үчүн даярдалган дайыма иштөөчү, ил.-негизделген экспозициялар; 3) элдин маданий, тарыхый мурастарын экспозициялар, көргөзмөлөр, иш-чаралар аркылуу аларды ММКларда жарыялоо м-н пропагандалоо. Кырг-нда Токтогул атн. ад-т музейи (Бишкек ш.), А. Осмонов музейи (Панфилов р-ну), Ч. Айтматов музейи (Талас обл.) иштейт.