АК-САРАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Амир Темир дооруна таандык арх-ралык эстелик. Өзбек Респ-сынын Шахрисабз ш-нда жайгашкан. Пайдубалы 1380-ж. түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чийме лер, о. эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. А-дын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-ж. А-да Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-ж. Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо А-дын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. А. мамлекеттин ж-а ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.