АЛФЁРОВ Жорес Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Жорес Иванович (15. 3. 1930-ж. т.,

РФ, Витебск ш.) – физик, СССР ИАнын академиги (1979), Лениндик сыйл. (1972), СССР Мамл. сыйл. (1984), Нобель сыйл. (2000, X. Кремер м-н бирге) лауреты. В. И. Ульянов – Ленин атн. Ленинград электр тех. ин-тун бүтүргөн (1952).
жылдан Ленинград физ. – тех.
ин-тунда ил. кызматкер,
1958-жылдан ошол ин-ттун директору болуп иштеген. Россия ИАнын вице-президенти (1990–2002), Россия ИАнын Санкт-Петербургдагы ил. борборунун президиумунун председатели (1989-жылдан). Ал жаңы технологияны иштеп чыккан ж-а германий вентилинин констр-сын (1958), 1961-ж. кубаттуу германий түзөткүчүн түзүп, анын негизинде күчтүк жарым өткөргүч электроника пайда болгон. Гетероөткөөлдүн физ. мүнөздөмөсүн изилдеген ж-а ал жарык диодунда, күн батареясында, динистордо ж-а транзистордо, спутниктик телекөрсөтүүгө колдонулат.
Эмг.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).