АГРЕССИВДҮҮ СУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:35, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ металл, бетон ж. б. материалдарга хим. терс таасирин тийгизүүчү жер астындагы суу. Курамында ар түркүн аммоний туздарын, туз, күкүрт ж. б. к-таларды камтыйт, өзгөчө агрессивдүүлүккө ээ. Мындай суулардын курамындагы туздардын хим. таасиринен бетондун сапаты начарлап, акырындык м-н бузулат. А. с. жер бетинен 0,2 мден төмөнкү ар кандай тереӊдикте болот. Алар жалпы к-талуу, сульфаттуу, магнезиялуу ж-а көмүр к-талуу болуп бөлүнөт. Суунун агрессивдүүлүгү анын хим. курамына атайын инструкциянын талаптарына салыштыруу м-н аныкталат. Ошондуктан жер бетинен кандайдыр бир тереӊдикте жайгашуучу имараттардын фундаменттерин, гидротех. курулуштар м-н коммуникацияларды, суу түтүктөрүн ж. б-ды курууда ошол тереӊдиктен учураган суунун агрессивдүүлүгүн аныктап, ага каршы алдын ала тийиштүү чараларды көрүү талап кылынат. О. эле хим. жер семирткич тер колдонулган талаалар аркылуу аккан азоттун ж-а күкүрттүн бирикмелери м-н каныккан атм-лык нымды (кислоталуу жаан-чачын) сиӊирген суу да агрессивдүүлүккө ээ. Өтө А. с-лар организмдердин тиричилигине коркунуч туудурат.