АК-САЙ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нунда, Кажы-Сай кыш-нан 5 км чыгыш тарапта, деӊиз деӊг. 1630‒1900м бийиктикте. 1972‒75-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан чалгындалган. Кен ай 

магын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Чопо жети катмардан туруп, көмүр кабатынын астынкы ж-а үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан. Чопо катмарларынын жалпы калыӊдыгы 4 мден 22 мге чейин өзгөрүп, 200‒300мге созулуп жатат. Чопо кара-боз түстө, бат нымдалып, жакшы ийленет. Күйгүзгөндө ак түскө өтөт. Чопону карапа буюмдарын жасоого ж-а бургулоо суюктугун даярдоого колдонсо болот. Жерг. эл боз үйдүн кийизин бордоодо, самын кайнатканда колдонот. Запасы В категориясы б-ча 245 миӊ м3, С1‒397 миӊ м3, В+ С1‒ 642 миӊ м3, С2 ‒129 м3.