АЛИЕВ Бакирдин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Бакирдин (10. 10. 1933, Нарын обл., Жумгал р-ну, Суусамыр айылы ‒7. 4. 2014, Бишкек) ‒ артист, КРдин эл арт. (1979). 1955-ж. Ташкенттеги А. Н. Островский атн. театр өнөрү

ин-тун бүтүргөн. 1955‒62-ж. Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М.Рыскулов атн. Нарын обл. муз.-драма театрында, 1994-жылдан Кыргыз мамл. жаштар театрында иштейт. А. ар кыл мүнөздөгү ролдорду жогорку чеберчиликте аткарат. Ролдору: Токтогул (Б. Жакиев, «Миӊ кыял»),

АЛИЕВ66.png

Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Яго, Лорд (У.Шекспир, «Отелло», «Виндзордук ойсокелер»), Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» ), Плетнов (Н. Анпилов, «Жоокердин жесири»), Хан (Б. Үсөнкулов, «Карагайлуу булак»), Ганибай-аке (Саид Ахмат), Инзин (Б. Өмүралиев, «Найман эне»), Барпы (М. Борбугулов, «Барпы») ж.б. «Махабат жаӊырыгы », «Уркуя», «Айсулуу нун талаасы», «Мен ‒ Тянь-Шань», «Эски тегирмен», «Ээн калган өрөөн», «Айыл өкмөтү» фильмдерине, «Чиркин өмүр», «Сокур кемпир көрөгөч», «Жаӊырык» телесериалдарына тартылган.