АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич (1883‒1946) ‒ композитор, хор дирижёру, педагог, СССР эл артисти (1937), генерал-майор (1943), искусство таануу

таануу илимдеринин доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Советтик Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) ж-а жетекчиси болгон. Анын В.И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон

АЛЕКС АНДРОВ52.png

Советтер Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) ж-а концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ленин ордени жана медалдар м-н сыйланган.