АЛАЙ МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Кырг-ндагы элдик театрлардын бири. Гүлчө айылдык клубу 1946-ж. мад-т үйүнө айланган. Анда драма ийрими уюштурулуп, К. Эшмамбетовдун «Кожокенин ийгилиги» аттуу бир көшөгөлүү пьесасы коюлган. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими м-н Алай р-ндук мад-т үйүнө «Алай элдик театры» деген наам берилген, 2002-жылдын 30-майында Алай музыкалык драма театры болуп кайра түзүлгөн. Алгачкы режиссёру ‒ М. Жакыпов, сүрөтчүсү ‒ С. Тобоев. Театрга М. Тойбаевдин «Шектенүү» (1960), М. Жакыповдун «Ак мөлмөл» (1961) аттуу бир актылуу, кийин Р. Шүкүрбековдун «Жакшынын шарапаты» (1964), К. Маликовдун «Айланган тоонун бүркүтү» (1966), К.Жантөшевдин «Каныбек» (1969) ж. б. көп актылуу драмалары коюлган. Бул театрдын артисттеринин арасынан респ-лык кароолордун бир топ лауреаттары өсүп чыкты.