АКРО ЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
07:45, 23 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. akros ‒ четки ж-а ыр) ‒ ыр сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн карай окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, же кандайдыр бир сөз келип чыгуучу тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк ад-т тарыхында А. ы. байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулат. Ал кыргыз поэзиясында да кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акро ыр» деген ырлары мисал.