АКМАТОВ Казат
(23. 12. 1941, Ысык‑Көл обл., Ысык‑Көл р‑ну, Бостери айылы – 13. 9. 2015, Бишкек) – жазуучу, драматург, сценарист, коомдук ишмер, 2011‑ж. КРдин Эл жазуучусу.
1966‑ж. Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебин, 1967‑ж. КМУУнун журналистика ф‑тин бүтүргөн.
1964‑70‑ж. комсомолдук кызматта, 1972‑74‑ж.
«Кыргызстан» басмасында башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 83‑ж. Кыргызстан Коммунисттик партиясы нын Борбордук комитетинде сектор башчысы, инструктор, 1983‑86‑ж. Кыргыз ССРинин мамл. телерадио к‑тинде башка редактор болуп эмгектенген. 1986‑ж. Кырг‑н ЖСнун секретары, ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ошол эле жылдары СССР Жогорку Советинде Союздар Советинин мүчөсү. «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» теңтөрагасы. 1998‑2003‑ж. Мамлекеттик тил б‑ча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, учурда Борбор Азия элдеринин маданий Ассамблеясынын вице‑президенти, Люксембург Улуу Герцогдугунун Кырг‑ндагы Ардактуу консулу кызматын аткарган. А‑дун алгачкы «Эки сап өмүр» повести «Ала‑Too», «Роман‑газета» (Москва) журналдарында жарык көрүп, Бүткүл союздук Н. Островский атн. сыйл. ээ болгон. 1986‑ж. «Мезгил» романы б‑ча «Жаралуу үчүн жан берүү» аттуу көркөм фильм (реж. Ж. Сооданбек) тартылган. А‑дун «Күндү айланган жылдар» романы (1996) кыргыз интеллигенциясынын генезисин, анын өкүлдөрүн тоталитардык режим кандайча деформацияга учураткандыгын көрсөтөт. «Мунабия» новелласы ж. б. аңгемелери турмуштагы аркыл драмалык татаал окуяларды,
адамдык мамилелердин психол. тереңдигин ачып берет. «Миң бир күн» (1998) тарыхый‑документалдык эмгегинде ал кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш этапты – эгемен мамлекет болуу доорун, ага катышкан ондогон адамдардын реалисттик портреттерин көркөм баяндаган. «Жаңы тамсилдер» аттуу үчилтиги өспүрүмдөргө эгемен доордун өзгөчө көрүнүштөрүн элестүү чечмелеп берет. «Архат» романы – үчилтиктин биринчи китеби (2005), экинчи‑үчүнчү китеби (2006) мазмуну, темасы, сүрөттөө манерасы б‑ча кыргыз романтикасындагы мурда болбогон жаңы көрүнүш, жаңы окуя катары бааланган. А‑дун чыгармалары немец, түрк, орус, украин, өзбек, казак, азербайжан ж. б. тилдерге которулган.
Д. Андашев.