АКМАТ Токтогул уулу
Jump to navigation
Jump to search
АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн р‑ну, Кошетер айылы – ө. ж. белгисиз) – манасчы. Атасы чоң жомокчу болгон. Ал кайда барса аны м‑н чогуу жүрүп, жомокчу, ырчыларга жолугат. «Манас» айтканды атасынан, Келдибек Карбоз уулунан, Тыныбек Жапый уулунан үйрөнгөн. Андан Манастын Алтайдан келиши, Шоорук м‑н Акылай, Манастын Алтайдан Анжыянга көчүп келиши, Алоокенин жеңиши, Манастын Таласка келиши эпизоддору (1 407 сап ыр) ж‑а «Манас» эпосуна байланыштуу Аккула ж‑дө баян, Манастын Аккулага ээ болушу, Ачбуудан, Мааникер жөнүндө баян, Кулун көлү жөнүндө баян жазып алынган.