АКАДЕМИК
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– академиянын анык мүчөсү (мис., КР УИАсынын анык мүчөсү). Ал академиянын Жалпы чогулушунун жашыруун добуш
берүүсү м‑н шайланат. КР УИАнын ардактуу академиги деген да наам берилет. А. наамы бир катар чет өлкөлөрдө да бар. Мурун СССР илимдер академиясынын, союздук респ‑лардын академияларынын, Москвадагы Ленин атн. Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги – анык мүчөсү деген наамдар ыйгарылган. Азыр кыргыз окумуштууларынын ичинен чет өлкөлөрдүн ар кандай академияларына мүчө (академик) болгондор бар.