АКАДЕМИЗМ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(фр. akademisme) – 1) көркөм сүрөт иск‑восунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы А. маньеризмге каршы туруу м‑н антикалык ж‑а Кайра жаралуу иск‑восунун үлгүлөрүн бекемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль м‑н Микеланжелонун чыглыгы болгон. Кийин А. салтты сактоого ж‑а бул негизде профессионал мектепти түзүүгө байланышкан көркөм мад‑ттын маанилүү бөлүгү катары каралган. А. булактары – 1585‑ж. ченде ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья академиясынын ишмердигинде. Живопись ж‑а скульптуранын Королдук академиясынын ачылышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байланышкан. 17‑18‑к‑да тарыхый ж‑а мифтик негизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. А. иск‑вонун өнүгүүсүн кечеңдетүүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. 19‑кдын 1 -жарымында ага романтизм, кийин реализм каршы болгон; 2) балет тарыхында «А.» ж‑а «академиялык бий» терминдери 19‑к‑дын жарымында Францияда, Италияда ж‑а Россияда хореогр. иск‑вого колдонулат. Франц. хореографтар Ж. Мазилье ж‑а А. Сен‑Леондун балеттеринде А. ири бий формаларынын (гранпа, пад’аксьон, па‑де‑де) ж‑а алардын элементтеринин (вариациялар, адажио, кода) турукташуусу ж‑а алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу м‑н мүнөздөлөт. А. жетишкендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спектаклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк ж‑а орус мектебинин үлгүсүндө кыргыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.