АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор ж‑а машинаны колдонуу. Бул процессте адам текшерүүчү ролду гана ойнойт. А. ч. жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. А. ч‑сын комплекстүү механикалаштыруу ж‑а электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарбасында, канаттуулар чарбасында ж‑а үрөн тазалоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармактарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу м‑н бардык технол. процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүчтөрүн (аба темп‑расын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизмдерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кыймылдаткычтарын аралыктан башкаруу, машинага жүктөө, кампадагы үрөндүн темп‑расын ж‑а нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуштар автоматташтырылган. Сугат ишин автоматташтыруу м‑н сууну үнөмдөөгө, иштеген адамдардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү ж‑а эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташтыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактордук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштарынын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. А. ч. ө. а‑нун өзгөчөлүктөрү технол. процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу м‑н мүнөздөлөт, б. а. биол. процесстерди эске алууга туура келет. Мындан тышкары а. ч. өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү, ачык асман астында жайгашуусуна ж‑а бууланууга көңүл бурулат. Ы. Ж. Осмонов.