АЙТПАЕВА Гүлнара
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Гүлнара (8. 5.1961‑ж. т., Ысык‑Көл обл., Каракол ш.) – адабиятчы, филология илимд. доктору (1995). Воронеж мамл. ун‑тин (1983), ММУнун аспирантурасын (1987), КМУнун докторантурасын (1995) бүткөн. Пржевальск пед. ин‑тунда окутуучу, улук окутуучу, ЫсыкКөл мамл. ун‑тинде доцент, КМУУда окутуучу, 1999‑жылдан Борб. Азиядагы амер. ун‑тиндеги «Кыргыз этнологиясы» программасын жетектөө м‑н катар акад. иштер б‑ча ун‑ттин вицепрезиденти болуп иштеген. 40тан ашуун ил. эмгектин, а. и. 1 монографиянын автору.
Эмг.: Религиозные мотивы в кыргызском романе (60‑80 гг.) Б., 1996; Үркүн: смысл трагедии 1916 года в контексте большого времени. Б., 1999.