АЗОТ КИСЛОТАСЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
HN03 – бир негиздүү күчтүү кислота. Түссүз суюктук, тыгыздыгы 1,5 г/см3, кайноо t 86°С, суу м‑н жакшы аралашып, азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Анын туздары жалпысынан нитраттар, ал эми Na, К,Са, NH4 туздары селитралар деп аталат. Күчтүү окистендиргич. Концент. А. к‑нда металлдардын баары (алтын, платинадан башка) окистенет. Концент. бир көлөм (63% түү) А. к. ж‑а үч көлөм туз к‑тасынын аралашмасы «падыша арагы» деп аталат да, мында алтын ж‑а платина металлдары эрийт. Өнөр жайда аммиакты катализатордун катышуусунда окистендирүү м‑н алынат: 4NH3+502= =4N0+6H20: 4N02+02+2H20=4HN03. Лабор. шартта концент. күкүрт к‑тасын нитраттарга та асир этүүдөн алынат: NaN03+H2S04=NaHS04+ +HN03. Өнөр жайда А. к. боёкторду, жарыл гыч заттарды, азот жер семирткичтерин ж‑а А. к‑нын туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, кумуш) эритүүдө, алтын м‑н күмүштү рудадан ажыратууда колдонулат.