АЗОБЕНЗОЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 9 Июнь (Кулжа) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 C6H5N=NC6H5– ароматтык эң жөнөкөй азобирикме, мол. с. 182,22. Саргыч ­кызыл кристалл. Б. эрүү t 68°С, сууда эрибейт, орг. эриткичтерде, эфирде, концент. уксус ж‑а күкүрт к‑таларында эрийт. А. нитробензолду натрий гидрооксидинде цинктин спирттеги эрит­меси же жегич чөйрөдө натрий станити м‑н ка­лыбына келтирүүдөн ж‑а нитробензолдун анилин м‑н реакцияга киришинен алынат. А‑дун геом. эки (цис- ж‑а транс-) формалары бар.   цис‑формасы	  транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5

цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5


Булардын туруктуусу – транс‑формасы. А‑го ультракызгылт‑көк нурду таасир кылуудан анын цис‑изомери алынат. А‑ду щелочтогу цинктин чаңы м‑н калыбына келтирип, гидроазобензол (C6H5‑NH‑NH‑C6H5), А‑дун мол‑сына амин же окситопторду киргизүүдөн синтездик азобоёктор алынат. Аны 1834‑ж. нем. химиги Э. Мичерлих ачкан.

С. А Адылов.