АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү м‑н бир­диктүү документтерди даярдоо ж‑a таратуу сис­темасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. А. а. с. аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын про­граммаларын иштете алган каалагандай ком­пьютердик системаларда окууга болот. Бул про­грамманын калыбын Windows, Macintosh ж‑a Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү систе­малары колдойт.