АЙНИ
(өз аты‑жөнү Садриддин Саид‑Муродзода) [15 (27). 4. 1878, Сактари кыш., Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик ад‑тынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы медреседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик
элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн та рыхый жолу сүрөттөлгөн.
Ал «Сүткордун өлүмү»
(1939, 1952) повестинде ачкөз сарандын образын бер ген. Улуу Ата Мекендик со гуш мезгилинде курч публ. мак ал алар м‑н тарыхыйкөркөм очерктерди (мис.,
«Мукананын көтөрүлүшү»)
жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑54; СССР мамл. сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы ж‑а филологиясы б‑ча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмирлеринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фир доуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил ж. б. ж‑дө очерктердин ж‑а монографиялардын автору. А‑нин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, а. и. кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени м‑н сыйланган.
Ад.; Брагинский И. С. С. Айни. М., 1978.