АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу
АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айылы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, ре жиссёр, казак профессионалдык киноискусствосуна негиз салуучулардын бири. СССР эл арт. (1959),Казак ССР мамл. сыйл. (1965), СССР мамл. сыйл.(1968, 1979) лауреаты.
Семейдеги мугалимдер педтехникумунда окуп жүргөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакырылып, 1933‑ж. кабыл алын ган. Театр сахнасында Кобланды (М. Ауэзов, «Кобланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Алдар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүрөв, «Исатай Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Ти хон (А. Островский, «Таланттар м‑н табынуучулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добушу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма теарынын башкы реж. болгон. Ал койгон «Абай» спектаклине СССР мамл. сыйл. берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн А. кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары м‑н эл арасында бо луп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Ло рен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-
жылдыздар м‑н жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» студиясынын көркөмдүк жагын башкаруу м‑н ка зак киноөнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзунун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия ж‑а Африка элдеринин ж‑а Москва ш‑нда өткөн эларалык кинофестивалдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу фильми 1967‑ж. Дүйшөмбү ш‑нда өткөн Казакстан ж‑а О. Азия республикаларынын эларалык фестивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Махабат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Атамекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атамандын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м‑н сыйланган. Алматы ш‑нын бир көчөсүнө (1972) ж‑а «Казакфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө ж‑а киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: Сиранов К. Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; Кенжетаев К. Даркандарын. А.-А., 1975; Беркович М. Шакен Айманов. А.-А., 1976. Н. Жылдызова.