АЙБЕК, Муса Ташмухамедов

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБЕК (ылакап аты; чыныгысы Муса Ташмухамедов. 28. 12. 1904, Ташкент – 1. 7. 1968,ошол эле жерде) өзбек акыны ж‑а жазуучу, Өзбек эл жазуучусу (1965).

АЙБЕК44.png

Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). 1930‑ж. Орто Азия университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Анын туңгуч ырлар жыйнагы 1926‑ж. чыккан. А. – «Фа-
кел» ырлар жыйнагынын (1932), «Өч» (1932), «Жура уста» (1933), «Хамза»), (1948), «Зафар жана Захра» (1951), «Акыйкатчылдар» (1954) поэмаларынын, «Ыйык кан» (1943), «Навои» (1945), «Алтын өрөөн шамалы» (1950), «Күн өчпөйт» (1958), «Улуу жол» (1967) романдарынын, «Жарык издеп» (1956), «Бала чак» повесттеринин автору. «Навои» аттуу романы үчүн 1946‑ж. СССР мамлекеттик сыйлыгы, «Бала чак» повести үчүн 1962‑ж. Өзбек ССРинин Хамза атн. мамл.
сыйлыгы ыйгарылган. Айбектин чыгармалары чет элдик бир катар тилдерге, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. А. өзбек окурмандарын орус
ж‑а дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармалары м‑н тааныштырган. СССР Жогорку Советинин 2 жолку чакырылышынын депутаты.
Эки Ленин ордени м‑н сыйланган.