АДЕП ТАРБИЯСЫ
21:47, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– адамдын коомдогу моралдык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, о. эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки м‑н рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. А. т. эмгекке ж‑а коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө ж‑а ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз м‑н кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социал. түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.