АЙЛАМПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ирим, айланкөчөк – дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги ай рым жерлерде суунун имерилип оргуп агышы­нан пайда болгон ирим. А. көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, о. эле суу нугунун кескин жайылып кетер ал­дында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын ж‑а тартылуу толкундарынын, о. эле карама­каршы агымдардын кошулган жерлеринде жа­ралат. А‑нын диаметри бир нече смден, океан­дарда бир нече кмге жетет.