АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:20, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ– Нигердеги табийгый корук. Сахарада Аир бөксө тоосунун чыгыш капталында жайгашкан. Аянты 77,36 миң км2, бийикт. 400–1998 м. Тенерени “чөлдөгү чөл” деп айтышат. Кышында такыр түздүктөрүндө кум учураган шамалы жайында ысык чаң м-н коштолот. Өсүмдүк жокко эсе. Тоо массивдеринде 350гө жакын өсүмдүктөр кездешет. Ал өсүмдүктөр Сахара чөлүнө мүнөздүү. Алар – акация, баялыш, жапайы маслина, таруу, оазистеринде пальма, тамарикс, ар түрдүү маданий өсмүкдүктөр. Корукту гепард, чаар гиена, павиандар, страустардын ири популяциясы ж-а туяктуулардын көптөгөн түрү (газель, антилопа ж. б.) мекендешет. Корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.