АК-САЙ - Тоң районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:12, 21 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нундагы кыштак. Болот Мамбетов атн. айыл аймагына караштуу. Балыкчы ‒ Каракол автомобиль жолунун ж-а Ысык-Көлдүн боюнда, деӊиз деӊг. 1774 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 14 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 74 км. 1950-ж. отурукташкан. Калкы 1908 (2009); негизинен токой даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.