АВТОРДУК НИЕТ
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
, з а м ы с е л – автордун жаза турган чыгармасы ж-дө алдын ала түзүп алган планы; чыгармада көрсөтө турган окуяларды, айта турган ойду белгилеп алышы. А. н.-тен кийин гана автор жазууга киришет. А. н. эки түрдө болушу мүмкүн: биринчисинде, автор окуялардын жүрүшүн болжолдоп жоромолдоп алат, демек сюжетке байланышкан А. н.; экинчиси, идеялык ниет, мында автор чыгармасында өзүн толкундаткан проблемаларды ж-а конфликттерди тандап алат. Акын-жазуучулардын А. н-н ж-а чыг-лыгын иликтеп көргөндө, алардын алгачкы ой-божомолдору чыгарманын жаралуу процессинде өзгөрүп кете тургандыгы да белгилүү. Мис., Ч. Айтматов «Ак кеме» повестин чакан аңгеме гана кылгысы келген экен.