АК-МОЛО ОБЛУСУ
Jump to navigation
Jump to search
Ц е л и н о г р а д о б л у с у (1961–92‑ж.) Казакстан Респ‑нын түндүгүндө.1939-ж.уюшулган. Аянты 146,2 миң км2. Калкы 736,6 миң (2015). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору – Астана (Кокшетау) ш. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сары‑Аркасынын (бийикт. 899 мге чейин) түн. батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) ж‑а эт‑сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. А. ч‑нын маанилүү тармагы – кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык кармалат. Энергетикасы Караганды ж‑а Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жылуулук электр станциясы) иштейт. Кара металлургия, тоо‑кен, хим., машина куруу, тамак‑аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор‑фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.