АВТОРДУК МҮНӨЗДӨМӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – адамды же окуя-кырдаалдарды мүнөздөөчү автордук баяндоонун бир түрү. Бул ыкмада автор бир көрүнүштү мүнөздөп, оюн билдирет. Мис., «Биз келсек Урмамбет үйдө жайланып отуруп калыптыр. Баягы Урмамбет эмес: үстүндө бир сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы сары өтүк. Бар кийими жарашып, түптүз, типтик, чарчы бойлуу, шаңкыйган бир сырдуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк тебетейи бар» (М. Элебаев).