АВТОРДУК КҮБӨЛҮК
Jump to navigation
Jump to search
‒ ойлоп чыгаруунун автордук укугун күбөлөндүрүүчү документ. Автордун каалоосу б-ча ага А. к. же ойлоп чыгаруунун патенти берилет. Жамааттардын ойлоп чыгарууларына, о. эле тигил же бул ишти аткаруунун натыйжасында аныкталган ойлоп чыгаруулар үчүн А. к. ишканалардын атына жазылат. Патент берилген ойлоп чыгууларды пайдалануу укугу патенттин ээсине гана таандык болот. Кырг-нда жаӊы ачылыш ж-дөгү А. к. КРдин Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик б-ча мамагентчилигине катталгандан кийин берилет.