АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:41, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Баткен обл‑ндагы Айдаркен ш‑на жакын жайгашкан. «Айдаркен сымап комбинаты» мамл. акционердик коомуна караштуу. 1967‑ж. ишке киргизилген. Аянты 40 000 м2.Консервацияланган эмес. Мында Айдаркен сымап кенинин рудасын иштетип, пайдалуу ме­таллды бөлүп алгандан калган, курамында сымап, сурьма, фтордуу кальций, мышьяк ж. б. бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Азыркы абалы экол. жактан канааттандырарлык, бирок жалпы экол. системаларга таасирин тий­гизип турат.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно‑техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999. Б. Үсөнканов.