АЛАМҮДҮН АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийикт. 4032 м. Түш. тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийикт. 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн ‒ 1200 м. Жанындагы чокулардын бийикт. 4100‒4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуутөр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал м-н белге чыгат. Ашуу-Төр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөӊгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түш.-чыгыш, түш. бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр м-н текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түш. Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.