АЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:27, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
азбудун – о. кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калк­тын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси ж‑а аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жерг. жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтү­рүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири б‑ча Аздар мурун Тыванын батышында жашап, 716‑ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкалан­ган соң, басымдуу бөлүгү түш.-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калган­дары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыр­кыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу А. аталган деп болжойт. 
                                                                                                        К.	Табалдиев.