АЖЫРАШ АЯК
09:13, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– кыргыздардагы конуш которуп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. А. берип жаткан киши алар м‑н кошуна турган мезгилде өөдө‑төмөн болгондорду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А. берген адамды кошуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жайгаштырышып келишкен. А. бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таарынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, а түгүл касташкандык болуп саналган. Бүгүнкү күндө да эл арасында А. берүү салты сакталып калган.