АЖЫЛЫК
АЖЫЛЫК а д ж ж, а л‑х а д ж ж (ар. сыйынуу, зыярат кылуу) – мусулмандардын беш парзынын бири – Мекеге зыярат кылуу. Ар бир мусулман баласы өз өмүрүндө бир жолу Мекеге тайынып кетүүсү парз,- деп айтылат Куранда. Зыяратчылар зу‑л‑хижжа айынын 7синде Мекеге келишип, тазалануу каадасын (ихрам) аткарышат. Даарат, о. эле чач‑тырмакты алышып, андан соң эки ак кездемеден турган атайын кийим (бирин белден ылдый оронот, экинчисин далысына жамынат) кийишет. Эркектер жылаңбаш, аялдары башын чүмкөшүп, бутуна сандали кийишет. Зыяратчы ихрам абалына жеткенден кийин Аллага кайрылып: «мына мен сенин алдыңдамын! Сага теңдеш эч ким жок! Сенин кудуретиңе, ырайымдуулугуңа даңк!» деп, зыярат кылуучу жайга кирип бара жатканда айтып турат. Зыяратчылар Кааба ташка сыйынып, кийинки күнү батыштан чыгышка карай созулган анча чоң эмес Мина ж‑а Муздалифа өрөөндөрү аркылуу Арафат өрөөнүнө жол тартышат. Алардын бир бөлүгү зу‑л‑хижжанын 8инен 9уна караган түндү Мина өрөөнүндө, калгандары Арафатта өткөрүшөт. 9унда түш ченде А‑тын негизги каадасы – Арафат тоосунун этегинде туруп, күн батканга чейин хутб угушат, сыйынышат. Күн баткан соң, жүгүрүп отуруп Муздалифа өрөөнүнө жетип, мечитте кечки ж‑а түнкү намаз окулат. Эртеси зыяратчылар Минага келишип, ар бири Муздалифадан терип алган жети майда таш м‑н үч мамынын акыркысын (Мухаммед пайгамбардын жолун тоскон Ибилис деп эсептелген) урушат. Андан кийин ошол эле жердеги соодагерлер ж‑а бедуиндерден сатып алышкан жандыктарды курмандыкка чалуу башталат. Бул күн курман айт деп аталат ж‑а жалпы мусулмандар үчүн улуу майрам катары саналып, бардык жерде белгиленет (к. Айт). Зыяратчылар А‑тын акыркы каадасы – тавафты (Каабаны айланып сыйынуу) аткаруу үчүн Мекеге жөнөшөт. Зу л‑хижжа айынын 11–13үндө Мина өрөөнүндө кайрадан курмандыкка чалуу улантылып, ал жердеги үч мамыны тең ташбараңга алышат. Зыярат кылуу мезгилинде соода кылууга, кан төгүүгө, жыныстык катнаш жасоого, чач, сакал‑мурут алууга, парфюмерия пайдаланууга тыюу салынат. А‑ка барып, анын бардык расмисин аткарган адамды ажы деп аташып, жашыл селде чалынганга уруксат берилет. Мусулмандардын карым‑катнашы ж‑а идеол. биримдиктин бир көрүнүшү катары А‑тын мусулман дүйнөсүндө тарыхый‑маданий ж‑а социалдык‑саясий мааниси өтө зор. Бүгүнкү күндө да А. өзүнүн идеол. ж‑а саясий маанисин сактап келүүдө.
Т. Абдылдабеков.