АДМИРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:15, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 [(ар. Амир аль (бахр) – деңизде бий­лик кылуучу)] – аскер‑деңиз флотундагы жо­горку аскердик наам. Алгач европалыктар А. түшүнүгүн түз маанисинде кабылдашып, мис., Колумбга «Океандын адмиралы» деген наам ыйгарышкан. Бирок негизинен мусулмандар да, алардан деңиз иштеринин көп жактарын өздөш­түрүшкөн христиандар да А. деп флот же эскадрага командалык кылгандарды аташкан. 18‑к‑дан флот А. (армиянын генералы наамына тете), адмирал (генерал‑полковник), вице­адмирал (генерал‑лейтенант) ж‑a контр­адмирал (генерал‑майор), о. эле инженердик кеме курамы үчүн контр‑А.- инженер, вице- А.-инженер, инженер ж‑а А.-инженер деген наамдар пайда болгон. Кырг‑нда биринчилерден болуп Темиров Марат жогорку аскер‑деңиз чини – контр‑А. наа­мын алган.