АМАНАЛИЕВ Баатырбек
22:51, 14 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Баатырбек (1929, Чүй обл., Чүй р-ну, Ак-Бешим айылы – 1996, Бишкек) – философ, философия илимд. доктору (1966), проф. (1968). 1950-ж. Кыргыз мамл. пед. интун бүтүргөн. Мугалимдер ин-тунда, КМУда доцент, Ош мамл. ин-тунда кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын философия ж-а укук интунда директордун орун басары, Бишкек финансы-экон. академиясында проф. болуп иштеген. Кыргыз философиясынын тарыхы ж-а социол. философия тармагы б-ча белгилүү адис. 40тан ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин негизинен кыргыздардын байыркы мезгилден тартып, 20-к-дын башына чейинки коомдук-филос. ойлорунун өнүгүшүнө арнаган. А. кыргыздын атактуу Асан Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы, Жээренче Чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч,Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу акын ойчулдарынын филос. көз караштарын талдаган. Алардын социол.-филос. ыймандык идеяларын терең изилдеп кыргыздын рухий дүйнөсүндөгү ордун белгилген.
Эмг.; Из истории философской мысли Кыргызского народа. Ф., 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо. Ф., 1963; Кыргызские мыслители 19-го начало 20-го вв. Ф., 1965; Из истории религии и свободомысли в Киргизии. Ф., 1968.
Т. Эсенгелдиев.