АЛА-КӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 19 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы көл. Каракол өрөөнүнүн оӊ капталындагы кууш коктуда жайгашкан. Уз. 2,8 км, эӊ жазы жери 600‒700 м. Аянты 1,5 км2дей. Көл чанагы деӊиз деӊг. 3532 м бийиктикте жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.