АБДЫЛДА Дөөлөт уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Дөөлөт уулу (1899, Ош обл., Өзгөн р-ну, Алга айылы – ө. ж. б.) – манасчы. «Манас» айтууну жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген ж-а мык ты айткан. 1966–70-ж. А-дан «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алын ган. Бул эпизоддор негизинен Манас ж-а анын кырк чоросу м-н Алмамбеттин таанышышы, Алмамбеттин аларга кошулушу, Алмамбеттин кеңеши б-ча Манастын Каныкейге үйлөнүшү, алардын шаан-шөкөт м-н Таласка көчүшү сыяктуу окуялардан турат. 1970-ж. А-дан «Көкөтөйдүн ашы» (көлөмү 32 бет) жазылып алынган. Эпизод Көкөтөй өлүп, кара ашын берип, ага күмбөз салдырып, эми чоң ашын беребиз деген кеңештен башталат. Окуя ашка даярданып, Манас чоролорун ээрчитип, жолго чыгышы м-н бүтөт.