АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 18 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ өндүрүштө ж-а маалыматтарды иштетүүдө адамдын кол ж-а акыл эмгегин алмаштыруу максатында түрдүү тех. түзүлмөлөрдү ж-а башкаруу системасын пайдалануу. А. терминин Ф. Тейлор (АКШ) киргизген (1880). Анын технологияны, өндүрүштү, маалымат процесстерин, долбоорлоо иштерин А. сыяктуу түрлөрү бар. Азыркы эсептөө техникасынын түрүн, түзүлмөсүн жасоодо түрдүү А. системалары колдонулат. Эсептөө техникасынан тышкары, А. системаларынын тех. базасы аркыл бергичтерден (датчик), өлчөөчү прибордон, аткаруучу ж-а өзгөртүүчү түзүлмөдөн турат ж-а аларда робот-тех., телекоммуникациялык түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат. Микроэлектрониканын, эсептөөчү техниканын ж-а анын программалык камсыздоо тармактарынын өсүшү м-н материалдык өндүрүштүн коммуникациялык чөйрөсүн, адамзаттын интеллектуалдык иш тармагын А-га шарт түзүлдү. Адамдын физиол. мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен космосто, ядролук технологияда, согуш ишинде ж. б-дагы технол. процесстер ж-а жумуштар автомат- таштырылган. А. ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүнүн, чыгарылган товардын сапатын жакшыртуунун, анын өз наркын төмөндөтүүнүн негизи.

Ж. И. Батырканов.